Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:21

Кыргызстан: Ленин атындагы көчөлөр Манас болуп өзгөрөбү?


Бишкектеги Айкөл Манас эстелиги
Бишкектеги Айкөл Манас эстелиги

Кыргызстанда жергиликтүү бийликтерге Лениндин аты коюлган борбордук көчөлөрдү Манас деп өзгөртүү сунушталганы маалым болду.

Өкмөт муну башаламандыкты токтотуп, чоң көчөлөрдүн аталышын бир кылка кылууну көздөп жатканын билдирди. Бирок бул сунуш элге төбөсү көрүнгөн айрым адамдардын нааразылыгын жаратты. Ошол эле маалда көчө, жер-суу аттарын кыргызча атоону колдогондор да жок эмес.

Өкмөттүн шаар, айыл-кыштак, көчөлөрдүн аталышын кайра атоо, өзгөртүү сунуштамасы бир канча күн мурда облус, район жетекчилери катышкан жыйында талкууланган.

Бирок тууралуу маалыматты 18-августта Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Фейсбук баракчасына жазып, өкмөттүн аракетин сынга алды. Ал көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүнүн тартиби бар экенин, ага карабай тарыхты жокко чыгаруу аракети болуп жатканын жазган.

Ушул эле посттун алдына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берип, “өлкөдө борбордук көчөлөргө ар башка аттар коюлуп калбасын, эгерде өзгөртө турган болсо, Манас көчөсү болсун” деген сунуш облус жетекчилеринин орун басарларынын катышуусунда өткөн онлайн кеңешмеде айтылганын билдирди. Протоколдун тексти так жазылбай калганын, “Ленин атындагы көчөлөрдүн атын өзгөрткүлө” деген демилге жок экенин кошумчалады.

Өкмөт өкүлүнүн мындай түшүндүрмөсүнө карабай, бул өлкөдөгү советтик аталыштарды өзгөртүү жараянынын бир бөлүгүбү деген талкуу жүрүп жатат.

Анткени, Кыргызстан эгемендик алганга чейин борбор калаа баш болгон ар бир облус, район, жада калса айылдардагы көчөлөргө социалистик ыңкылаптын көсөмү делген Лениндин ысымы берилген.

Мындай ушу күнгө чейин сакталып, бир катар аймактардагы чоң көчөлөр Лениндин атында. Өлкөнүн экинчи чоң шаары Ошто июль айында борбордук Ленин көчөсү Алымбек датка деп өзгөртүлгөн. Ага чейин советтик лидердин бул көчөдөгү эстелиги алынган.

Ош мэриясынын аракети коомчулукта декоммунизациянын бир көрүнүшү катары бааланган. Эми болсо өкмөттүн жер-жерлердеги борбордук көчөлөргө Советтер союзунан калган аталыштарды өзгөртсөңөр, Манас коюлсун деген сунуштамасы талкууга түштү.

Кыргызстандагы Коммунисттик партиянын лидери, парламент депутаты Исхак Масалиев сунуштамага нааразы экенин мындайча түшүндүрдү.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Тарых баарын өз ордуна коет. Убакыттын өзгөрүшү менен баа берип, биз аз башкача кылсак болот. Бирок, Ленин менен Сталиндин орду башка да. Аларды эске албай, эл оозунда айтылган баатырлардын атын коюп жатабыз. Мага Жайыл баатырдын урпагы ким экенин көрсөтүп бергилечи? Мына жакында Ош шаарында Ленин көчөсүнүн аты өзгөртүлдү. Бир көчөнүн аты Алымбек датка, экинчи көчө Курманжан датка деп турат. Бул эмне дегендик?”.

Коммунисттик партиянын өкүлүнүн жүйөсүнө макул болбогондор арбын.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов жер-суу аталыштарын өзгөрткөн процесстер Орусиянын өзүндө дагы болгонун эске салды. Муну менен катар Манастын атын майда көчөлөргө берүүгө да каршы экенин айтты:

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

“Орусиянын өзүндө деле Лениндин эстелиги алынган. Ленинград деген чоң шаардын аты Санкт-Петербург болуп өзгөргөн. Алар "эмне дейт?" дебей, өз жолубузду уланта беришибиз керек. Советтик идеология боюнча Ленин биринчи, Манас экинчи планда болчу. Ошол себептүү кайсы жерде болбосун чоң көчөлөргө Лениндин аты берилген. Бирок соңку кезде КМШда Ленин деген аталыштар жоюлду. Мен Манастын атын чакан көчөлөргө берүүгө каршымын. Борбордук көчөлөргө койгонду туура деп эсептейм. Ленинди тарых катары улуу муундар эле эстейт. Жаш муундар билбей деле калды. Биз эле эмес, мурдагы советтик мейкиндиктин баарында ошондой. Тарых деген ошондой, бир мезгилде аты дүңгүрөйт, бир мезгилде өчүп, унутулат”.

Негизи Кыргызстанда Советтер союзунан калган жер-суу аталыштарын өзгөртүү маселеси көптөн бери талкуу жаратып келген. Баш калаа Бишкектин төрт районунун аталыштары советтик идеологияга ылайык коюлганы айтылып, маал-маалы менен кыргызчалоо сунуштары берилип жүрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 2022-жылы Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштырууну сунуш кылгандан көп өтпөй Кремлге жакын адамдар бул кадамды сынга алган. Алар муну "Кыргызстанда жашаган орус тилдүү элдин укугун тебелөө" катары баалып, Грузияда жана Украинада баары орус тилин кысуудан башталганын эскертип, бул маселеге Орусиянын президенти да көңүл бурушу зарыл дешкен.

Орусиянын реакциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, "эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү" катары сыпатталган.

Быйыл январь айында Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги эски аянттагы Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин коюу сунушун берген.

Советтик идеологияны сындаган “Күкүнүс” романынын автору, жазуучу Турусбек Мадылбай өкмөттүн сунушун колдогондордун бири. Ал Москванын жер-суу аталыштарына кийлигишкенин мындай сыпаттады:

Турусбек Мадылбай
Турусбек Мадылбай

“Геббельстин “Элдин тарыхы менен тилин алгандан кийин малдай кылып айдап алса болот” деген. Ошон үчүн жер-суу аталышын кыргызча атайбыз десе эле Москва каршы чыгат. Орусияны жактагандар “Андан көрө экономиканы оңдойлу” деп чыгышат. Бир көчөнүн аталышын алмаштырып же бир "балчайбектин" (большевик-ред.) атын алып койдуң дегиче балээге каласың. Мурда Жириновскийди алдыга салышчу. Азыр анын ордун Соловьев, Скобеева дегендер басты. Экономика, маданият өзү менен өзү эле өнүгө берет. Чындап караганда ошол эстелик өңдүү нерселер, маңкуртчулук аң-сезим артка тартып жатат бизди. Жер-суунун аталышын кыргызчалаш керек. Жолду карасаң эле Ново-Павловка, Сосновка ж.б. деп турат. Мунун баарын мен шылдың катары көрөм. Сосновка мисалы. Сосна - карагай. Аты коюлганы менен бир карагай көрбөйсүң. Орусияда кызыл карагай көп. Ошол жактан келген бирөө келип, өзүнүн кыштагынын эле аталышын коюп койсо керек. Ошолорду алмаштыралы десе эле кыйкырып чыгышат. Анткени тилибизди алып койгон”.

Кыргызстанда оторчулук доорунан калган, андан кийинки советтик аталыштарды алып жүргөн айылдар бар. Быйыл январда президент Садыр Жапаров тогуз айылдын аталышын өзгөрткөн мыйзамга кол койгон.

Жарандык активист Айбек Теңизбай жер-суу аталышын кыргызчалоону жактагандардын бири. Бирок ал көчөлөрдүн баарына адамдын ысымын берүүгө каршы экенин белгиледи.

Айбек Теңизбай уулу
Айбек Теңизбай уулу

“Адамдын атын көчөгө берүүгө каршымын. Эми канча көчө Чыңгыз Айтматов, канчасы Манас болот? Ошол себептүү ар тараптуу адистерди чогултуп, комиссиянын негизинде иш алып баруу керек. Бир адамдын чечими менен эле өзгөртүп салууга болбойт. Эл менен дагы кеңешүү керек. Кандай аталыш берүүнү жергиликтүү бийлик өзү чечиши керек. Борбордун муну кылгыла деп таңуулап, көчөнүн аталышка чейин кийлигишкени туура эмес”.

Жер-сууга тарыхый аталышын кайтаруу мурдагы постсоветтик аймактын баарында жүрүп келет. Мурдагы жылдары коңшу Казакстан үч миңдей айылдын аталышын 2025-жылга чейин өзгөртүү планын жарыялаган. Орусиянын өзүндө да советтик доордон калган бир катар шаар-кыштактардын аталыштары өзгөргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG