Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов “коррупцияга” шектелип камалды. Милиция Ормоновго козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Ал Ош шаарында вице-мэр болуп турган учурда жерге байланыштуу камалганы айтылып жатат.
Соттун учкай маалыматы
15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормоновду 4-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.
Ага Кылмыш жаза кодексинин 40-беренеси (“Кылмышты аткаруучу”) жана 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча айып тагылууда. Бул берене менен айыптуу деп табылгандар он эки жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Азырынча ИИМ Ормоновго коюлган оор берене кайсы иш байланыштуу экенин жөнүндө маалымат бере элек.
Ормоновдун жактоочусу же жакындарынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Жапарбек Ормонов
Ормонов Оштогу кайсы жерге байланыштуу камалды?
Убагында аны менен чогуу иштешкен Ош шаардык кеңешин депутаты Бекболот Арзибаев Ормоновдун иши боюнча бул маалыматтарды билерин айтып берди.
Бекболот Арзибаев
“Мен ал киши менен иштешип калгам. Мага жеткен маалыматтар боюнча, 2014-2016-жылдары вице-мэр болуп тургандагы иштер боюнча кармалды дейт. Тактап айтканда, ошол убакта шаардык кеңеш тарабынан жерди трансформациялоо боюнча токтом кабыл алынып, ушул киши аны аткарган окшойт деп айтышууда. Ошол токтомду аткарганы мыйзам бузуу болду дегендей маселе экен. Кайсы жер экенин билбейм. Оштогу заводдордун жери чоң болгон да ошолорду текшергенде чыгып калдыбы же айыл чарба жерлеринин багытын өзгөртүп "кызыл китеп" кылып бериштиби билбейм. Бирок, аталган жердин аянты чоң окшойт деп айтып жатышат”, - деди Арзибаев.
Арзибаев Ормоновду мыйзамды так сактаган аткаминер деп мүнөздөдү.
Ормоновдун саясий жолу
Ормонов 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр Айтмамат Кадырбаевдун тушунда орун басары болгон.
Ормонов 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр Айтмамат Кадырбаевдин тушунда орун басары болуп иштеген. 2016-жылы СДПК партиясынан Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ага чейин Ош мамлекеттик университетинде проректор болгон. Ормонов 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан”, 2021-жылы “Ишеним” партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңешке ат салышкан.
2020-жылы Октябрь окуясында Ош шаарынын борбордук аянтында жаалданган элдин ур-токмогунда калганы жөнүндө айтылып, бети кан болгон сүрөт интернетте тараган. Ормонов бул боюнча комментарий берген эмес.
Саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаев Ормоновдун саясий жолу жөнүндө мындай деди:
“Бийликтин бийик тепкичине чыккандан кийин ошол кездеги бийликтин таасирдүү адамдары, “шоопурлары” менен байланыш түзө баштады. Атамбаевдин бийлиги сакталып, Илмияновдун (ред: Икрам Илмиянов – Атамбаевдин учурундагы таасирдүү аткаминер) таасири кетпегенде Ошко мэр болмок. Бул киши жөндөмдүү экен, кандай жол менен болбосун Илмиянов, Матраимовдор аркылуу аракет кылды, таасирдүү кызматка жете албай калды. Анан азыркы бийлик менен кандай тил табышты билбейм. Чолпон-Атага мэр болду, Ысык-Көлгө аким болду. Өлкөдө көптөгөн мурдагы аким, вице-мэрлерди текшерсе болот. Ондогон мыйзамсыз документтерге кол коюшкан”, - деди Келдибаев.
Ормонов 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында мэр болгон. 2023-жылы август айында Ысык-Көл облусуна аким болуп барган.
Кыргызстанда жэрге байланыштуу азыркы жана мурдагы айыл өкмөт, аким, вице-мэр сыяктуу бийлик өкүлдөрү камакка алынууда. Алардын көпчүлүгү мамлекеттин жерин жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген деп айыпталууда.
Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
"Белгилүү киберкылмышкерлер менен кызматташат". АКШ Кыргызстанда катталган Grinex криптобиржасына санкция салды
АКШнын Финансы министрлиги Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржага санкция салды. Эки ай мурда Financial Times басылмасы өз баяндамасында Grinex’тин артында теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шор турарын кабарлаган.
“Азаттык” анын чоо-жайын иликтеп, андагы маалыматтарды жарым-жартылай ырастаган.
АКШнын кезектеги чарасы
Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) 14-августта тараткан маалыматында Орусиянын Украинага кеңири масштабда кол салганына байланыштуу санкцияларды дагы кеңейткенин билдирди. Анда криптовалюта биржасын иштеткен Garantex Europe OU (Garantex) компаниясын экинчи ирет, ал эми анын мураскери деп эсептелген Grinex компаниясын биринчи ирет “кара тизмеге” киргизди.
Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) аталган криптобиржалар интернетте опузалоо жана башка кылмыштар менен алектенген белгилүү киберкылмышкерлер менен кызматташарын, Garantex өзү негизделген 2019-жылдан бери мыйзамсыз чөйрөдөгү адамдардын 100 млн доллардан ашык каражатын айлантып бергенин кабарлайт. Мындан улам мекеме Garantex жана Grinex компанияларынын үч жетекчисине, Орусиядагы жана Кыргызстандагы аларга байланышкан алты компанияга каршы чара көрүлөрүн эскертти.
Министрликтин сайтында АКШнын финансы министринин террорчулукка каршы күрөшүү жана финансылык чалгындоо боюнча орун басары Жон К.Херлинин төмөнкүдөй сөзү келтирилет:
Жон К.Херли
"Санариптик активдер глобалдык инновацияларда жана экономикалык өнүгүүдө чечүүчү роль ойнойт жана ошол себептүү Кошмо Штаттар киберкылмыштуулукту колдоо жана санкциялардан качуу үчүн бул тармактын кыянаттык менен пайдаланылышына жол бербейт. Криптовалюталык биржаларды акчаны адалдоо жана опузалоочу-программалардын чабуулдарына көмөктөшүү биздин улуттук коопсуздугубузга эле коркунуч келтирбестен, АКШнын бул тармактагы мыйзамдуу виртуалдык кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн аброюна да шек келтирет. Финансы министрлиги мындай ниети бузук тараптарды аныктоо менен санариптик активдер индустриясындагы берилгендикти жана бүтүндүктү камсыз кылат”.
Расмий маалымдалгандай, Garantex компаниясына Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) 2022-жылы финансылык кызмат көрсөтүү тармагындагы компаниялар менен чогуу биринчи ирет санкция салган экен. Жаңы санкция ошол чараны кеңейтмекчи.
Grinex биржасын презентациялоо учуру. Биржанын Телеграм каналынан алынган сүрөт.
АКШнын Жашыруун кызматы 2025-жылдын март айынын башында Германия менен Финляндиянын укук коргоо органдары менен биргеликте Garantex сайтына бөгөт коюп, ал биржадагы 26 миллион долларлык суммадагы криптокапчыктарды камакка алган. Мунун артынан эле АКШнын Юстиция министрлиги аталган компанияга тиешеси бар Александр Мира Серда жана Алексей Бесчоковго издөө жарыялаган. Мындан соң Бесчоков Индияда кармалган.
OFAC жаңы санкциялардын алкагында ошол эле Александр Мира Сердага жана андан башка Павел Каравацкий, Сергей Менделеев баштаган кишилерге кайрадан издөө жарыялады. Серда жөнүндө маалыматтарга 5 млн доллар, калган экөө жөнүндө маалыматтарга 1 млн долларга чейин сыйлык койду.
Grinex’тин баяны жана Илан Шор
Garantex жана анын уландысы Grinex жөнүндө быйыл 25-июнда эл аралык Financial Times басылмасы да жазып чыккан. Басылма анда Grinex аттуу криптобиржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдаган. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндамада айтылган.
Financial Times басылмасынын башкы бетинен скриншот.
Журналисттер Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында, биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан.
Басылма белгилегендей, Grinex криптобиржасы жана анда айланып жаткан токен Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Орусияга кирген-чыккан каржы агымдарын тейлөөгө багытталган. Жөнөкөй түшүндүргөндө, чет өлкөгө акча которууну каалагандар так ушул куралды колдонууда. Себеби, Орусиянын көп банктары банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан өчүрүлгөн.
Илан Шор
Financial Times ырастагандай, бул токенди теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шорго таандык A7 аттуу компания жүгүртүүгө чыгарган.
Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх.
Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.
Криптобиржанын Кыргызстандагы изи
“Азаттык” июль айында маселенин чоо-жайын иликтеп, айрым фактыларды аныктаган. Тагыраагы Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганына күбө болгон.
Кыргызстандын Юстиция министрлигинен “Олд Вектор” компаниясы (Old Vector, 311479-3301-OOO) былтыр 13-декабрда, ал эми “А7-Кыргызстан” компаниясы быйыл 17-январда каттоодон өткөн (312344-3301-ООО).
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын адистери “А7-Кыргызстан” компаниясы лицензия алган-албаганын тактаган эмес, бирок “Олд Вектор” компаниясы токен чыгарууга уруксат алганын ырастаган.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкы имараты. Бишкек, Кыргызстан.
“Азаттыктын” атайын суроо-талабына жөнөткөн жообунда аталган кызмат расмий түрдө минтип жооп берди:
“2025-жылдын башында “А7А5” стейблкоини – “Олд Вектор” жоопкерчилиги чектелген коомунун “А7А5” стейблкоини катары каттоого алынган. 1 стейблкоиндин номиналдык наркы 1 (бир) рубль”, – деп айтылат Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө.
Юстиция министрлигинин сайтында “А7-Кыргызстан” компаниясынын дареги катары борбор калаадагы “Айчүрөк” соода борбору (ЦУМ) көрсөтүлгөн. Бирок анын ичинен компаниянын кеңсесин таба алган эмеспиз.
Ал эми “Олд Вектор” компаниясынын дареги катары ошол маалда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Кызыл-Адыр көчөсү, №172 үй көрсөтүлгөн. “Азаттыктын” кабарчылары аталган дарекке барып, ал жерде эч кандай компания турбаганына күбө болгон. Аталган даректе чакан, эски үй турат жана анда жашагандар компанияны да, анын жетекчисин да тааныбай турганын айтышты.
"Old Vector" компаниясы жайгашат деген алгачкы дарек.
Августтагы жаңыртылган маалыматта бул дарек өзгөрүп кетти. Компаниянын кожоюндары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Кеп болуп жаткан Grinex криптобиржасы Grinex.io аттуу сайтта жайгашкан. Сайттын өзүндө жана анын расмий Телеграм каналында биржага ээлик кылган компаниянын аталышы көрсөтүлгөн эмес.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, Виртуалдуу активдерди соодалоочу операторлордун реестринде, башкача айтканда криптобиржалар реестринде мындай аталыштагы компания катталган эмес.
Ошол эле сайттагы Виртуалдуу активдерди алмаштыруучу операторлордун реестринде же криптовалютаны алып-сатуучулардын реестринде болсо “Гринекс” аттуу фирма катталган. Ал grinex.kg деген сайтты иштетет экен. Сайтта алып-сатуу боюнча жарыялар коюлганы менен биржа сыяктуу котировка, же алып-сатуу процесси көрсөтүлбөйт. Фирманын ээси катары Дуулат-Эльдар Субанкулов аттуу жаран көрсөтүлгөн. “Азаттык” аны менен байланышкан учурда Субанкулов өз наамындагы “Гринекс” компаниясы Grinex криптобиржасына тиешеси бар-жогун ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.
АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) жаңы санкция салды деген компаниялардын ичинде Бишкекте катталган так ушул “Гринекс” компаниясы жана “Олд Вектор” компаниясы да кирген. “А7-Кыргызстан” компаниясы жок, бирок анын Орусиядагы башкы компаниялары A7 agent, A7, A71 компаниялары "кара тизмеге" илешти.
Криптовалюта жана анын түрү
Криптовалюта жаатындагы адис, чет жакта иштеп жүргөн активист Айбек Баратов кеп болгон биржа жөнүндө укпаганын, бирок андай аянтчалар көп экенин айтып берди:
Айбек Баратов
“Албетте, компаниялар Кыргызстанда катталып, лицензия алып коюп, өздөрү дүйнөнүн каалаган бурчунда жайгаша бериши да ыктымал. Анткени, крипто валюталардын баары виртуалдуу жүргүзүлөт да. Алар өздөрү башка бир өлкөдө туруп, криптовалюта биржасын ачып, бирок өздөрүн Кыргызстанда ачылгандай көрсөтө бериши мүмкүн. Аны колдонуучулар деле текшере албайт, себеби алар деле биржаны аралыктан колдонушат эмеспи. Кыскасы, сайтка каалаган нерсени жазып коюуга болот. Кээ бир учурларда конкреттүү адамдар, жетекчилери же өкүлдөрү ошол брендди түртмөлөп, ачык чыгышы мүмкүн. Бирок андай учурда ошол өлкөдө экени кеңсеси, өкүлчүлүктөрү менен ырасталат. Силер айтып жаткан компаниялардан кенен кабарым жок. Андай биржалар жүздөп саналат. Негизи, криптовалютаны колдонуучулар Binance, Bybit сыяктуу ири биржаларды колдонушса болот. Бирок бул базарга жаңыдан чыккан компаниялар менен иштешүү сунушталбайт. Анткени, алар токенди каалагандай калчай бериши мүмкүн. Токен бул ошол биржадагыларга гана тиешелүү, алар каалаган баасын коёт, жасалма түрдө баасын көтөрө алат, айтор, билгенин кылат. Токенди программаны билген мектеп окуучусу деле жасап коёт, ал эч кыйын эмес. Маселе маркетингде. Силер кеп кылып жаткан криптобиржа деле токенди ошентип сатыкка чыгарып, андан ары өздөрүнүн таасири жана макамы менен эле иштетип жатышы да мүмкүн”.
Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча. Анын бир нече түрү бар:
Биринчи түрү – монета. Ал эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Бул топко биткоин (Bitcoin), опекс (Opex), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) сыяктуу монеталар кирет.
Экинчи түрү – токен. Бул бар монеталардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Solana (SOL), Tether (USDT), XRP, Binance Coin (BNB) жана башкалар токен болуп саналат.
Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символдору. Иллюстрациялык сүрөт.
Так ушул токендин өзүнүн да үч тиби бар. Анын бири – стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета). Булардын наркы кадимки акчалардын курсуна же алтын, мунай, дан сыяктуу товарлардын биржалык баасына байланат. Алар кымбаттаса кымбаттап, арзандаса баасы түшүп турат. Мисалы, Tether же USDT токени криптобазарда АКШ доллары менен 1:1 эсебинде бааланат.
Демек, Grinex криптобиржасында соодаланып жаткан A7A5 токени Орусиянын рублине теңме-тең байланган стейблкоин болуп жатат. Токен Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына кабылган Промсвязьбанктагы депозиттер менен камсыздалганы маалымдалат.
Илан Шордун аты аралашкан иштер
Баса, жогорудагы жагдай Илан Шордун ысымы илешкен Кыргызстандагы алгачкы иш эмес.
Быйыл январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, Кыргызстандагы “Керемет Банкка” санкция салган. Буга аталган банк “эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганы” себеп катары көрсөтүлгөн.
Кошмо Штаттардын билдирүүсүндө 2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги “Керемет Банктын” акцияларынын контролдук пакетин Орусиянын өкмөтүнө жакын орус олигархына байланышы бар фирмага сатканы айтылган. Вашингтондун маалыматында молдован тектүү орус олигархы Илан Шор санкцияларды кыйгап өтүү үчүн схемалардагы “Керемет Банктын” ролу тууралуу талкууларга катышкан.
Коллаж сүрөт.
Апрелде болсо Молдовадагы IPN маалымат агенттиги Кыргызстандагы “Капитал банк” жана ага молдован тектүү орус олигархы Илан Шордун байланышы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда АКШ Кыргызстандын “Керемет банкына” санкция салгандан үч айдан кийин “Капитал банк” санкцияга илинген орусиялык компаниялар, анын ичинде “Орусиянын аскердик банкы” деп эсептелген “Промсвязьбанк” менен иштешкен негизги каржы мекемеси болуп калганы жазылган.
IPN маалымат агенттиги Интерпол аркылуу издөөгө алынып, АКШнын санкциясына кабылган Илан Шор жана A7 фирмасы, “Борбор Азиянын Капитал банкы” Орусиянын армиясын курал-жарак менен камсыз кылган кытайлык компаниялардын ортосунда финансылык операцияларды уюштуруп жатканын билдирген. Бул схемага Алексей Ширшов, Игорь Гойхмандардын да тиешеси бар экени айтылат.
Кыргызстандын бийлиги Илан Шордун “Капитал банкка” тиешеси жоктугун билдирип, анын көзөмөл пакети Финансы министрлигине караштуу экенин маалымдаган. Президент Садыр Жапаров “Капитал банкка” байланыштуу дооматтарды четке каккан.
Июндун аягында Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөп жатканы кабарланып, андагы жумуштарды орусиялык “Евразия” уюму жүргүзө турганы ачыкка чыккан. Аталган уюм буга чейин да Кыргызстандын билим берүү тармагына аралашып, 2024-жылы мектептерге жүздөй автобус алып берген. Азыркы тапта Бишкектеги жаңы салынып жаткан стадиондун жанына “Евразия” деп аталган парк дагы курууда.
Ал арада “Евразия” уюмунун артында да Илан Шор турат деген маалымат чыкты. “Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев алгач бул маалыматты төгүндөгөнгө аракет кылды. Бирок июлдун башында “Евразиянын” камкордук кеңешинин мүчөлүгүнө Илан Шор да киргени белгилүү болду.
“Евразия” уюму 3-июлдагы билдирүүсүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамын аныкталганын, анда 12 киши бар экенин билдирген. Анда да Илан Шор бар.
Кыргыз бийлигинин позициясы
Президент Садыр Жапаров 15-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде эл аралык басылмалардагы Илан Шорду Кыргызстанга байланыштырган маалыматтарга комментарий берген. Кыргыз мамлекет башчысы аталган ишкердин өлкөдө иш алып барып жатканын ырастаган да, төгүндөгөн да эмес:
Садыр Жапаров
“Биринчиден, биз жактан Орусияга кирген санкциялык товарларды кыйгап өткөн бир дагы факты жок. Болсо бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдерди бетибизге коюп берсин. Андай маселе жок. Тескерисинче, Орусияга санкция салган мамлекеттер өздөрү түздөн-түз Орусия менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар. Аны ошол эле ар кыл эл аралык медиалардагы кесиптештериңер жарыялап келишет. Экинчиден, биздин өлкөгө Илан Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе, келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт. Ким болбосун биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе, келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп, бир кесебиз”, – деген президент.
Санкциялар жана акча адалдоонун кесепети
Батыш өлкөлөрү, АКШ Орусияга каршы санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин сала баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Бул чаралардын көбү финансылык чектөөлөр.
Орусия ортодо андай чаралардан буйтап, товар жүгүртүүсүн өнөктөш өлкөлөр, көбүнчө Борбор Азиядагы өлкөлөр аркылуу жүргүзө баштаган. Натыйжада бул чөлкөмдө катталган компанияларга экинчи деңгээлдеги санкциялар киргизилген.
АКШ 2023-жылдын башында Кыргызстандагы биринчи ишканага санкция салса, 2025-жылдын башына карата 20дан ашык кыргызстандык компания Кошмо Штаттардын “кара тизмесине” кошулган. Андан кийин дагы бир нече фирма кошулду. Бишкекте катталган соңку эки компанияны кошкондо тизме дагы узарууда.
Экономист Расул Түлеев Кыргызстанда катталган компаниялардын санкцияга кабылышы жана өлкөдө күмөндүү компаниялардын иштеши жөнүндө ойлору менен бөлүштү:
Расул Түлеев
“Негизи мындай санкциялар жакшы эмес. Бирок биздин экономиканын экспортко потенциалы аз, көбүрөөк импортко көз каранды. Чыгарганыбыз көбүнчө айыл чарба гана азыктары. Ошондуктан ушундай санкциялар жана ошого окшогон нерселердин экономикабызга таасири жок. Эгерде кайсы бир компаниялардын акча айлантуусу жөнүндө кеп кылсак, Кыргызстанда ошого мүмкүнчүлүктөр бар, бирок кесепети да бар. Эгерде биз Кыргызстанда ар кандай каржы булактарын жаап-жашырып, адалдаштыруу экономикасын ачсак, анда бизге ар кандай күмөндүү акча келип-кете баштайт. Бул биринчиден. Экинчиден, биз өз мамлекетибизге ээ боло албай калабыз, чоң акча келгенден кийин ошол акчанын ээлери бийлеп калат. Үчүнчүдөн, ал акча кандай кирсе, кайра ошол канал менен эле чыгып кетет. Экономикага секирик бербейт, жөнөкөй элге пайда деле алып келбейт”.
Кыргызстанда узак талкуулардан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган.
Натыйжада Кыргызстанда криптомайнинг, криптовалютаны алып-сатуу, криптобиржа иштетүү жана башка нерселер мыйзамдаштырылып, каттоо башталган. Үч жылдын ичинде 13 криптобиржа, 162 криптовалюта алып-сатуучу жай катталды.