Үрөйдү учурган учак кырсыгы
Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болду. "Манас" аба бекети Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авиакырсыкта мерт кеткендер саны отуздан ашты. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы кыргызстандыктар. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганы кабарланууда. Кырсыкка кабылган учак түркиялык АСТ Havayolları компаниясына таандык болгон.
Чыгарылыштар
-
Август 19, 2025
Чолпон-Ата: 24 жаштагы жигиттин өлүмүн атайын комиссия иликтейт
-
Август 19, 2025
Ош: Аялдарды коргогон “Ак жүрөк” имаратсыз калды
-
Август 19, 2025
Украина: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Август 19, 2025
Ак үйдө Трамп менен Зеленский жолукту
-
Август 18, 2025
Израил: Нетаньяхунун кооптуу планы, жапырт нааразылык