Соңку ирет Владимир Зеленский Ак үйдүн Сүйрү кабинетине келгенде аны алган "жардамга ыраазы болбогон, өз билгенин бербеген, алтургай эрежеге сыйбаган кийимчен келди" деп сындашкан. Дональд Трамп АКШнын Киевге аскердик жардамын токтотуп, Украинанын Орусиянын эки жылдан ашкан баскынчылыгына туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн алсыраткан.
Зеленскийдин экинчи сапары таптакыр башка маанайда болду. Ал европалык лидерлердин жана НАТОнун жетекчисинин коштоосунда Ак үйгө келгенде Зеленскийдин дарегине мактоо сөздөр жаңырды. АКШ Украинага “коопсуздук кепилдигин” сунуштап, Трамп орус президенти Владимир Путинди Зеленский менен бетме-бет жолугушууга көндүрө турган болду.
Дагы караңыз Украинадагы согуш: Трамп, Зеленский жана европалык лидерлердин жолугушуусуМосква баштаган 42 айлык согушту аяктоого жол ачылдыбы же жокпу - азырынча аны айтуу эрте. 18-августта Ак үйдө өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы али так эмес.
Бирок бул жолугушуу эң жок дегенде согуш аяктайт жана Украинаны жүрүп бараткан поезддин алдына таштап салбайт деген үмүттүн учкунун жандырды. Анткени көптөр үч күн мурда Трамптын Аляскада Путинди кызыл килем менен тосуп алганын көрүп, Украина четке чыгып калабы деп кооптонушкан.
"Азыр биз согушту токтотуу үчүн кандай келишимге жетишилиши мүмкүн экенин олуттуу карай баштадык", - деди америкалык мурдагы чалгын кызматкери Жорж Биб. Ал учурда Вашингтондо жайгашкан Quincy Institute уюмунун стратегиялык жетекчиси. Бул уюм АКШнын тышкы саясатын ырааттуу жүргүзүүнү жактайт.
Бостондогу Тафтс университетинин саясат таануу боюнча адиси, Украина менен Орусиянын тарыхы боюнча эксперт Оксана Шевелдин баамында, "олуттуу жылыш болду" деп айтууга али эрте. "Анткени кандайдыр бир ийгиликтин чоо-жайы, айрыкча коопсуздук кепилдиги азырынча так эмес".
"Мен бул жолугушууну башынан эле мурункунун кесепетин азайтуу аракети катары көргөм жана кандайдыр бир деңгээлде ал максатына жетти деп ойлойм", - деди мурдагы британ дипломаты, Лондондогу Европа реформалары борборунун директорунун орун басары Иан Бонд. - "Ачыгын айтканда бул жолугушуу февралдагыдан алда канча жакшы болду".
Дагы караңыз Аляска саммити: Путин көздөгөнүнө жетти. Трампчы?Aляскадагы кызыл килем. Ак үйдүн Сүйрү кабинети
Өткөн аптада Трамп Путинди АКШ жергесинде дипломатиядагы “досундай" кучак жая тосуп алды. Ал Путинге дүйнөлүк саясий сахнага жол ачып, бетме-бет отуруп, анын сөзүнө кулак салды.
Аляскадагы саммит Трамп үчүн триумф болгон жок, ал Украинада Орусиянын чабуулун токтотуу үчүн макулдашууга жетише албады. Ал эми Путин Орусияга эң каардуу атаандаш саналган мамлекеттен салтанат менен сый көрүп кайтты.
Путин ошондой эле Трампка да таасир этип, америкалык лидер Украинада тез арада ок атышууну токтотууну эмес, кеңири маанидеги тынчтык келишимин талкуулоону колдоду.
Бул Путинге согуштун “түп тамырын” талкуулоого кайрадан мүмкүнчүлүк берет. Ал Украинадагы согуштун “өзөгү” деп тарыхты бетине кармайт. Анын айрым дооматтары 10-кылымдагы Киев Русу маалына, башкасы 1990-жылдардын аягында НАТО чыгышты көздөй кеңейе баштаган учурга барып такалат. Путин бул “өзөктүү себептерди” Москвага кайтып келген күнү Кремлдеги жыйында дагы бир жолу эске салды.
Бул ошондой эле Путиндин армиясына согуштан чарчап-чаалыккан украин элин, жоокери жана курал-жарагы тартыш Украинанын күчтөрүн акырындык менен алсыратуу үчүн убакыттан утуш берет. Зеленскийдин Вашингтон сапарынан кийинки күнү Орусия ондогон дрон жана ракета менен Украинадагы жай тургундарга чабуул койду.
"Орусия согушта акырындык менен канчалык кыйын болсо дагы жеңип жатат. Бул Путинге кандайдыр бир реалдуу нерсеге көнүүдөн ойт берүүгө оңтойлуу", - деди Нью-Йорктогу Корнелл университетинин согуш тарыхы боюнча профессору Дэвид Силби.
Украинага берилчү “коопсуздук кепилдиги” - Зеленский үчүн өтө маанилүү маселе. Ал эми Трамптын андай кепилдик берүүгө макул болушу аз да болсо жеңиш. Бул, албетте, Трамп Аляскадагы саммитке чейин ачык айткан “жер алмашуу” сунушунан алда канча алгылыктуу.
Европалык сегиз лидердин Украинага көрсөткөн колдоосу Путин Брюссел менен Вашингтондун ортосуна ажырым сала албаганын далилдеди. Киев дал ушул нерседен көптөн бери кооптонуп келген эле. Трамп болсо Путинди Зеленский менен жолугууга түртмөлөй турганын айтты.
"Зеленский үчүн АКШ менен европалык салмактуу лидерлердин колдоосу абдан маанилүү символикалык жетишкендик», - деди Биб.
"Ал Орусия менен акыркы тынчтык келишимине кол коюуда кандай колдоо турганын көрсөтө алат. "Биздин аркабызда Батыш бар. Биз жалгыз эмеспиз. Бизди жалгыз ташташпайт", - деп айта алат".
Дагы караңыз Аляска: Трамп менен Путин Украинада согушту токтотууну макулдаша алган жокАл ортодо Москва тараптан келип жаткан белгилер тескерисинче өтө салкын маанайда. Путин Зеленскийди легитимдүү лидер деп эсептебейт жана аны менен бетме-бет жолугушууну олуттуу бир жоготууга баруу катары карайт.
Ошондой эле "Батыштын [тынчтык орнотуу] күчтөрү Украинага жайгаштырылган шартта Орусия келишимге кол коюуга таптакыр даяр эмес экени мага так түшүнүктүү", - деди Иан Бонд.
Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кырдаалды андан бетер татаалдаштырып, "Украинадагы орус тилдүүлөрдүн маселеси" дагы эле актуалдуу бойдон экенин жарыялады. Бул 2014-жылы Москва Украинага басып киргенден бери Киев "орус тилин басмырлап жатат" деген дооматтар менен коштолуп келаткан Кремлдин узактан бери бетине кармаган жүйөсү.
"Бул согуш - Украина жана Зеленский үчүн өмүр менен өлүмдүн суроосу. Ал аны [Орусия койгон шарттар менен] бүтүргүсү келбейт. Трамп бул маселени чечүүгө жетиштүү көңүл бурбайт. Ал эми Путин жеңип жатат, андыктан ага бир нерсени чечем деп баш оорутуунун деле кереги жок", - деди Дэвид Силби. - Мен бул согуштун аякташын, айрыкча ушул жыл соңуна чейин токтооруна көзүм жетпейт".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Украина: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?