Жеңиш чокусунан 60тан ашык адам эвакуация болду

Кыргызстандагы тик учактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо министрлиги Түштүк Эңилчек жана Поляна лагерлеринен баш-аягы 62 адам - альпинисттер, куткаруучулар, туристтер эвакуация болгонун билдирди. Алар менен кошо 16-августта Хан-Теңири чокусунда каза болгон Орусиянын жараны Алексей Ермаковдун сөөгү да чыгарылды.

Куткарылгандардын арасында Кыргызстандын, Улуу Британиянын, Кытайдын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары бар.

Министрликтин маалыматына караганда, 19-августта Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларында аба ырайы турукташып, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн эки аскер учагы алты жолу учуп, адамдарды эвакуация кылуу аракетин көргөн.

Учактардын бири жабыркагандарды Бишкектеги медициналык мекемелерге жеткирди.

Министрлик куткаруу жана эвакуация иштери, жабыркагандарга жардам көрсөтүү, коопсуз аймактарга жеткирүү улантылып жатканын кошумчалады. Тоодо дагы канча киши калганы айтылган жок.

16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, тоого катуу конуп, борттогу бир нече адам жаракат алган.

Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Бийиктиги 7439 метр. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК айыл чарба министринин орун басары баш болгон бир нече адамды кармады"Хочу жить" Орусия согушка тарткан 628 тажик жаранынын тизмесин жарыялады Бишкекте 22 жаштагы жигит апасын өлтүрүүгө шек саналып кармалдыБообек Ажикеевге генерал-лейтенант аскердик наамы ыйгарылдыПакистандагы суу ташкыны: 20 кишинин сөөгү табылды, каза тапкандар 350дөн ашты