Орусия 21-августка караган түнү Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Сокку өлкөнүн батышындагы облустарга, анын ичинде Львов жана Мукачево шаарларына урулган. Курмандыктар жана кыйроолор катталууда.
Киевдин маалыматында орусиялык аскерлер түндө Украинанын аймагына 574 дрон, бир канча баллистикалык жана ондогон канаттуу ракеталарды учурган. Алардын көпчүлүгү атып түшүрүлгөнү, бирок ага карабай 11 жерге кулап түшкөнү айтылууда.
Львовдо бир адам каза таап, үчөө жараат алган. 20дай үй жана жарандык объекттер бузулган. Закарпатия облусундагы Венгрия менен Словакиянын чек арасына жакын Мукачево шаарына да сокку урулган. Орусиялык аскерлер мурда бул аймакка көп чабуул жасаган эмес. Соккудан 15 адам жараат алып, өнөр жай ишканасынын аймагында өрт чыккан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өндүрүштө жарандык өнүмдөр чыгып келгенин белгиледи. Ал аны "америкалык ишкана" деп атап, аны иштетүүгө америкалык инвесторлор акча салганын айтты.
Аба айгайы Киев баштаган бир канча шаарда жарыяланды. Орусиялык аскерлер бул тууралуу комментарий бере элек.
Сокку Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишими түзүлүп, эки өлкөнүн лидерлери жолугушу мүмкүн деп жаткан чакта урулду. Мындай жолугушуу уюштуруу үмүтүн Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп да билдирген. Москва буга даяр экенин ырастай элек.