Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Коңшу өлкөнүн мамлекет башчысын “Манас” аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Эки күнгө созулган сапар учурунда кыргыз-казак алакасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Ошондой эле Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылары кабарланган.
Эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Бишкектин "Ынтымак" паркында “Достуктун алтын көпүрөсү” монументи расмий ачылат.
1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Эгемендик алган 30 жылдан ашуун маалда 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлган.
Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) өңдүү эл аралык альянстарга мүчө.