Парламенттин таркатылышына негиз барбы, бийлик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө кызыкдарбы?
Парламент өзүн-өзү таркатабы?
"7-чакырылыштагы парламент тарайт" деген сөздөр буга чейин дагы айтылып, бирок аны бийлик өкүлдөрү четке каккан. Учурда саясий чөйрөдө парламент өз каалоосу менен октябрда тарап, ноябрга жаңы шайлоо белгиленери жөнүндө кептер тарады.
Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин Фейсбуктагы баракчасына "парламент өзүн өзү таркатат деген имиштер бар" деп жазганы кызуу талкууга жем таштады.
Масалиев бул сөздөр депутаттар арасында айтыла баштаганын билдирди.
Исхак Масалиев.
“Жеке менин пикиримде таркаштын кереги жок. Негиз болушу мүмкүн. Биз жаңы мыйзам кабыл алдык, эми парламент кайрадан бир мандаттуу округдан шайланып келсин деген. Аракет сезилип жатат, башкаруу фракцияларына президент буйрук берсе, арыз жазып, өз ыктыяры менен тарап кетиши мүмкүн. Эсиңерде болсо мыйзам кабыл алынып жатканда “жаңы шайлоо болот” десем, “жок, жок” дешкен. Феликс Шаршенбаевич (саясатчы Феликс Кулов) сунуштарын айта баштады, ал киши бекер айтпайт. Аксакалдардын арасынан президенттин жанында жалгыз Феликс Шаршенбаевич жүрбөйбү”, - деди Масалиев.
Саясатчы Феликс Кулов медиалардын бирине комментарий берип, өлкө жетекчилигине мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаганын, анда парламенттик, президенттик шайлоону удаалаш өткөрүү каржылык, уюштуруу иштеринде кыйынчылык болорун жүйө кылган.
Жыйырмага жакын депутатка байланышканыбызда, эл өкүлдөрүнүн арасында имиш таркап жатканын, бирок парламентти жоюу мүдөөсүнө эмне себеп болгону белгисиз экенин айтышты.
Парламент депутаты Эмил Токтошев мындай дейт.
Эмил Токтошев
“Көчөдөгү сөздөр эле чын болуп калып жатпайбы. Бири-бирибизден сурап жатабыз, эч ким себебин билбейт. Сентябрда депуттардын өзүнөн демилге чыгышы мүмкүн. Мыйзам боюнча парламенттик жана президенттик шайлоонун ортосунда кеминде эки ай болушу керек, ошону негиз кылышы мүмкүн”, - деди Токтошев.
Парламенттин таркатылышына кандай негиз бар?
Депутат Элмурза Сатыбалдиев болсо парламенттин өзүн-өзү таркатышына эч кандай саясий негиз жок деп эсептейт.
Элмурза Сатыбалдиев
“Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш өзүн-өзү гана тарката алат. Билбейм, депутаттар келип “таркайлы” деп демилге кылып, көпчүлүк колдоп беришеби... Депутаттардын 30% демилге кылып, 70% колдошу керек. Мен дайыма айтам, бардык жерде туруктуулук болушу керек. Таркатылышы үчүн негиз, максат болушу керек. Мен эч кандай негизди көргөн жокмун”, - деди Сатыбалдиев.
Кеп башында айтылгандай, парламенттин куралышы боюнча жаңы мыйзам кабыл алгандан бери азыркы 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин тарашы жөнүндө сөздөр улам-улам чыгып келген. Саясий талдоочулар айрым саясатчылар жер-жерлерде саясий жарышка даярдана баштаганын айтууда.
Саясий серепчи Адил Турдукулов парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүп жатышынын себептерин атады.
“Түз жана кыйыр түрдө дагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн экенин көп булактар далилдеп жатат. Бул чын болушу мүмкүн. Анткени, эки шайлоону өткөрүү мамлекеттик аппаратка кыйын болот. Экинчиден, ар кандай күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүн. Буга үч революция күбө. Ошондуктан тобокелдиктерди азайтуу үчүн ушундай кадамга барат. Ошондой эле башка саясатчыларды шайлоого даярдыгын азайтып, бийликчил талапкерлердин мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болушу да мүмкүн”, - деди Турдукулов.
2026-жылдын аягы, 2027-жылдын башындагы удаа шайлоолор
15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров кийинки президентик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн экенин айткан.
Шайназаров депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү мүмкүн экенин билдирген.
28-апрелде президент Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт. Шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт.
Ошондой эле бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби да өзгөргөн. Тагыраагы, мындан ары депутаттар бир мандаттуу округдардан гана шайланып, партиялык тизме жокко чыгарылат.
Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар округдан үчтөн депутат шайланышы керек. Алардын бири аял болушу кажет.
Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра добуш берүү болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орунда келген талапкер келет. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максаты катары түшүндүрүлдү.
Дагы караңыз
Мыйзамга кол коюлду: Депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланатАзырынча жогорку бийликтегилер Жогорку Кеңешке шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшү боюнча имиштерге комментарий бере элек. 19-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо боюнча жаңы мыйзам жөнүндө айтып жатып, мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбой турганын белгилеген.
“Алардын баары куру сөз. Кезексиз же мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болбойт. Президенттик да, парламенттик да шайлоолор кийинки жылы өз убагында өтөт. Андыктан, азыркы VII чакырылыштагы парламент ишибизди жигердүү улантып, элибиз үчүн кызмат кыла беребиз”, - деген спикер.
Азыр иштеп жаткан парламенттин чакырылышы 2021-жылы күзүндө шайланган. Анын курамын "Ата Журт-Кыргызстан", Ишеним", "Ынтымак", Альянс", "Бүтүн Кыргызстан", "Ыйман нуру" партияларын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт.
Жогорку Кеңештин регламентинин 140-беренесине (“Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу”) ылайык, депутаттар өзүн-өзү таркатуу жөнүндө негизделген сунушту депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен киргизүүгө укуктуу.
Чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечим кабыл алынгандан кийин беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындап, 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш. Кыргызстанда үч жолу парламент өзүн-өзү таркаткан.