"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
34 өлкөнү катуу кысмакка алган келишимден Орусия, Канада, Жапония 1 жыл мурун чыгып кеткен. АКШ аны ратификациялаган эмес.
Лондондун Вестминстер сотунда судья Максим Бакиевдин ишин сот өндүрүшүнө кабыл алды. Кийинки соттук жыйын 2013-жылдын 13-майына белгиленди.
Интернет алгач АКШда 43 жыл мурда жаралгандан бери cоңку кезде “Аны ким башкарышы керек?” деген талаштуу маселе жаралды.
АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы генерал Петреустун никеден тыш байланыш куруп, “ала жипти аттаганы” үчүн кызматын тапшырганы дүйнө коомчулугунда саясий ишмерлер, мамлекеттик жетекчилердин үй-бүлө баалуулуктары менен моралдык жүрүм-туруму жөнүндө талкууга жем таштады.
Америкалыктар кийинки төрт жылга президентин тандашты. Дээрлик бардык штаттарда добуш берүү аяктады.
АКШда президент түз добуш берүү жана штаттар боюнча бөлүнгөн шайлоочулардын коллегиясы аркылуу шайланат. Коллегияга кирген жалпы шайлоочулардын саны - 538, талапкердин жеңиши үчүн 270тен кем эмес добуш алуу керек.
Беларустун Башкы прокуратурасы эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевге каршы козголгон кылмыш ишти “саясий куугунтук” катары мүнөздөгөнү Кыргызстандын тышкы иштер мекемесинде тынчсыздануу жаратты. Интернет булактарында экс-президент Бакиевдин эл аралык издөөдө жүргөн иниси Жаныш Бакиевдин Минскиде ээн-эркин жүргөн сүрөтү тарагандан кийин, расмий Бишкек Беларуска нота жиберип, Жаныш Бакиевди өткөрүп берүүнү өтүндү.
Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинин имаратынын балконунда туруп АКШны “желмогуз издөөнү” токтотууга чакырды.
Башкы ассамблея Сирия боюнча резолюцияга добуш берет. Эл аралык коомчулук Сирияда кандуу жаңжалды басуу боюнча бир пикирге келе элек.
XXX жайкы Олимпиада оюндары башталды. Британ баш калаасы 3-ирет тоскон дүйнөлүк спорт майрамына даярдыктар 7 жыл жүрдү.
18-июлда Болгариянын туристтик Бургас шаарынын аба майданындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде 8 киши набыт болду.
Казак бийлиги расмий түшүндүрмө бере элек, сириялык дипломаттар өрттү өз мекениндеги жаңжалга байланыштырды.
Башардын өкмөтү Тремсидеги согушта оор куралдар колдонулганын четке какты. Бейшембиде кыштакта кандуу булоон болгонун БУУнун байкоочулары тастыктады.
Соңку 20 жылдагы глобалдык экологиялык саясаттын жетишкендиктери менен кемчиликтери кандай?
"Өңүт" Хорватиянын туризм тажрыйбасына кайрылып, Кыргызстандын бул тармактагы көйгөйлөрүн талдады.
АКШ Мамдепартаментинин 2011-жылдагы адам укуктарынан абалы боюнча жылдык баяндамасы бейшембиде жарык көрдү. Кыргызстан менен Египеттеги атаандаштык негизде өткөн шайлоого оң баа берилет.
Жаңы түптөлгөн ассоциациянын активисттери Италия менен Кыргызстандын ортосунда маданий, социалдык алакаларды кеңейтүү максаты турганын «Азаттыкка» айтышты.
Экс-губернатор Мит Ромни ноябрдагы шайлоодо Обамадан мөөрөй талаша турган болуп калды.
Австриядагы даректүү филмдер фестивалында сүрөткер Шайлоо Жекшенбаев тартылган тасма көрсөтүлүп жатат.
Орусиядагы кыргыз мигрант кыз-келиндерди мазактаган видео тасмалардын себептери иликтенет.
Дагы жүктөңүз