Чолпон-Атада ур-токмоктон каза болгон Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү иликтенет. Зеленский менен Путин акыры бетме-бет отурабы? Ошто 23 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келген “Ак жүрөк” кризистик борбору имаратсыз калып, ага кайрылган жарандарды жайгаштыруу маселеси чечилбей турат.
Украинадагы урушту токтотуу үчүн Украина, Орусия жана АКШнын лидерлери катышкан, үч тараптуу кездешүу өтөөрү жарыяланды. Зеленский менен Путин акыры бетме-бет отурабы?
АКШнын Финансы министрлиги Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржага санкция салды. Эки ай мурда Financial Times басылмасы өз баяндамасында Grinex’тин артында теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шор турарын кабарлаган.
Москвадагы кыргыз элчилиги Орусияда согушка азгырылган жаран куткарылганын билдирди. 4 ай мурда Орусияга келген жаран жакында Москвага жумуш издеп келип, алданып калганын айтууда.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги согушка азгырылган кыргыз жараны куткарылганын билдирди. Бийлик чет өлкөдө согушка катышкандар жазага тартыларын эскертип келет. Буга чейин “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.
Бүгүн АКШнын алыскы Аляска штатында АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта жолугуп, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү башталды. Бул жолугушууга украин президенти Владимир Зеленский катышпайт.
15-августта Аляскада АКШ президенти Трамп менен орус президенти Путин жолугушат. Анда эки лидер Украинадагы согушту талкуулашат. Европалык лидерлер, украин президенти Трамп менен шаршембиде онлайн жыйын өткөрүп, Украинадагы 3 жарым жылга аяк баскан согушту токтотуудагы позицияларын такташты.
Нарында эки айыл менен облус борборунун ортосундагы жалгыз көпүрө кыйрап, кырсыкта сууга аккан бир адамдын сөөгү изделип жатат.
Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.
Бишкек мэри калаадагы "Ататүрк" паркындагы курулган үйлөр бузулбай, ал жактагы турак-жай ээлери паркты өнүктүрүү үчүн акча берерин билдирди.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди.
Өкмөт мобилдик аппараттарды каттоону УКМК көзөмөлдөрүн билдирди. Кыргызстанда чөнтөк телефондорду милдеттүү каттоо өткөн жылы июнь айынын этегинде башталган. Анда өкмөт аткезчиликтин алдын алуу, телефон уурдоо жана шылуундукту жок кылууну көздөп жатканын түшүндүргөн.
Дагы жүктөңүз