Акылбек Жапаров кызматтан күтүүсүз кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти. Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.
Чыгарылыштар
-
Август 19, 2025Чолпон-Ата: 24 жаштагы жигиттин өлүмүн атайын комиссия иликтейт
-
Август 19, 2025Ош: Аялдарды коргогон “Ак жүрөк” имаратсыз калды
-
Август 19, 2025Украина: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Август 19, 2025Ак үйдө Трамп менен Зеленский жолукту
-
Август 18, 2025Израил: Нетаньяхунун кооптуу планы, жапырт нааразылык
Шерине