Якутия: Автобус жардан кулап, үч кыргыз жараны мерт болду
Якутияда шахтерлорду ташып бараткан автобус жардан кулап, 13 адам, анын ичинде үч кыргыз жараны мерт болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын сөөгүн мекенине жөнөтүү иши жүрүп жатканын билдирди. Израилдин танктары Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Балах шаарына биринчи жолу кирип барды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул калаадагы кызматкерлери баш калкалаган жай бутага алынганын айыптады. Ошто узак жылдардан бери шаардын борбордук бөлүгүн ээлеп келген базарлар көчүрүлүп жатат. “Келечек” базары да 31-июлда көчүрүлө баштарын шаар бийлиги билдирди. Соодагерлер эмне дейт?
Чыгарылыштар
-
Август 19, 2025Чолпон-Ата: 24 жаштагы жигиттин өлүмүн атайын комиссия иликтейт
-
Август 15, 2025ЕАЭБ: Москва уюмдун аймагын кеңейтүүнү көздөйт
-
Август 14, 2025Орусия: WhatsApp, Telegram жарым-жартылай бөгөттөлдү
-
Август 13, 2025Покровск: Орус армиясынын күтүлбөгөн чабуулу
-
Август 12, 2025Украина менен Орусия жер алмашабы?
Шерине