Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

Ормоновдун иши Ошко барып такалабы?


Ош шаары
Ош шаары

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов “коррупцияга” шектелип камалды. Милиция Ормоновго козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Ал Ош шаарында вице-мэр болуп турган учурда жерге байланыштуу камалганы айтылып жатат.

Соттун учкай маалыматы

15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормоновду 4-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 40-беренеси (“Кылмышты аткаруучу”) жана 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча айып тагылууда. Бул берене менен айыптуу деп табылгандар он эки жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Азырынча ИИМ Ормоновго коюлган оор берене кайсы иш байланыштуу экенин жөнүндө маалымат бере элек.

Ормоновдун жактоочусу же жакындарынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Жапарбек Ормонов
Жапарбек Ормонов

Ормонов Оштогу кайсы жерге байланыштуу камалды?

Убагында аны менен чогуу иштешкен Ош шаардык кеңешин депутаты Бекболот Арзибаев Ормоновдун иши боюнча бул маалыматтарды билерин айтып берди.

Бекболот Арзибаев
Бекболот Арзибаев

“Мен ал киши менен иштешип калгам. Мага жеткен маалыматтар боюнча, 2014-2016-жылдары вице-мэр болуп тургандагы иштер боюнча кармалды дейт. Тактап айтканда, ошол убакта шаардык кеңеш тарабынан жерди трансформациялоо боюнча токтом кабыл алынып, ушул киши аны аткарган окшойт деп айтышууда. Ошол токтомду аткарганы мыйзам бузуу болду дегендей маселе экен. Кайсы жер экенин билбейм. Оштогу заводдордун жери чоң болгон да ошолорду текшергенде чыгып калдыбы же айыл чарба жерлеринин багытын өзгөртүп "кызыл китеп" кылып бериштиби билбейм. Бирок, аталган жердин аянты чоң окшойт деп айтып жатышат”, - деди Арзибаев.

Арзибаев Ормоновду мыйзамды так сактаган аткаминер деп мүнөздөдү.

Ормоновдун саясий жолу

Ормонов 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр Айтмамат Кадырбаевдун тушунда орун басары болгон.
Ормонов 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр Айтмамат Кадырбаевдун тушунда орун басары болгон.

Ормонов 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр Айтмамат Кадырбаевдин тушунда орун басары болуп иштеген. 2016-жылы СДПК партиясынан Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ага чейин Ош мамлекеттик университетинде проректор болгон. Ормонов 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан”, 2021-жылы “Ишеним” партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңешке ат салышкан.

2020-жылы Октябрь окуясында Ош шаарынын борбордук аянтында жаалданган элдин ур-токмогунда калганы жөнүндө айтылып, бети кан болгон сүрөт интернетте тараган. Ормонов бул боюнча комментарий берген эмес.

Саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаев Ормоновдун саясий жолу жөнүндө мындай деди:

“Бийликтин бийик тепкичине чыккандан кийин ошол кездеги бийликтин таасирдүү адамдары, “шоопурлары” менен байланыш түзө баштады. Атамбаевдин бийлиги сакталып, Илмияновдун (ред: Икрам Илмиянов – Атамбаевдин учурундагы таасирдүү аткаминер) таасири кетпегенде Ошко мэр болмок. Бул киши жөндөмдүү экен, кандай жол менен болбосун Илмиянов, Матраимовдор аркылуу аракет кылды, таасирдүү кызматка жете албай калды. Анан азыркы бийлик менен кандай тил табышты билбейм. Чолпон-Атага мэр болду, Ысык-Көлгө аким болду. Өлкөдө көптөгөн мурдагы аким, вице-мэрлерди текшерсе болот. Ондогон мыйзамсыз документтерге кол коюшкан”, - деди Келдибаев.

Ормонов 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында мэр болгон. 2023-жылы август айында Ысык-Көл облусуна аким болуп барган.

Кыргызстанда жэрге байланыштуу азыркы жана мурдагы айыл өкмөт, аким, вице-мэр сыяктуу бийлик өкүлдөрү камакка алынууда. Алардын көпчүлүгү мамлекеттин жерин жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген деп айыпталууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Шерине

XS
SM
MD
LG